<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><author>Ludwig van Beethoven, Linda Lee Johnson, ван Дыке, Хенры Джакксон (1852-1933), Ходгес, Эдвард (1796-1867), ван Беетовен, Лудвиг (1770-1827)</author>
<tempo>120</tempo>
<title>Сүйүүнүн, даңктын Кудайы</title>
<lyrics>[V1]
 Сүйүүнүн, даңктын Кудайы,
 Биз шаттанып ырдайбыз,
 Таазим кылып, кучак жайып,
 Бет алдыңда турабыз.
 Күнөө, кайгы Сенден качып,
 Ишенимге толобуз.
 Жарык-нуруң бизге чачып,
 Кубанычта болобуз.

[V2]
 Жаркырайсың асман-жерде,
 Атак-даңкын чыгарып,
 Жылдыздар да периштелер
 Ыйык ысмың чакырып.
 Бийик тоолор, аккан суулар,
 Кең талаалар жайылган,
 Мөл булактар, сайран куштар
 Мактайт Сени, Жараткан.

[V3]
 Ак батасын берип турган
 Кечиримдүү Кудайым,
 Жакшылыкка баарын бурган,
 Тынчтык берген ар дайым.
 Сүйгөн Атам, Ыйса Агам,
 Мээримиңе бөлөгүн.
 Ак сүйүүңдү үйрөт мага,
 Сүйсүн менин жүрөгүм.

[V4]
 Таң жылдыздай, Сенин Сүйүүң
 Бүт дүйнөнү бийлесин.
 Ырыбызга кошуп үнүн,
 Өлгөн жандар тирилсин.
 Катар-катар баары чыгып,
 Жеңишиңди жар салсын.
 Өмүрдүн ыры жаңырып,
 Баары Сени даңктасын.</lyrics>
<key>G</key>
<copyright>1985, 1988 Lillenas Publishing Co.</copyright>
<presentation>V1 V2</presentation>
<time_sig>4/4</time_sig>
</song>